Азыр балдардын киносун чоңдорго багыттап тартыш керек.
(Хаяо Миядзаки)
Терс каарман канчалык күчтүү болсо, тасма ошончолук мыкты чыгат.
(Роджер Эберт)
Кино турмуштун бир үзүмү эмес, пирогдун бир кесими.
(Альфред Хичкок)
Сүйүүсү жок тасма болбойт.
(Жан-Люк Годар)
Китеп окугула, музейге баргыла, опера уккула... Бирок, турмушту фильмдер, телевизор, интернет аркылуу үйрөнүүнү ойлобогула, байболгурлар!
(Кристоф Вальц)
Жаман тасма көрүүчүнү келесоого айлантат, ал эми жакшы тасма келесоону да көрүүчүгө айлантат.
(Андрей Кнышев)
Тасма жер титирөөдөн башталып, чыңалуу улам өсүп отурушу керек.
(Альфред Хичкок)
Эгер бир келесоо продюсер “киного тартыл” деп миллион доллар сунуштаса, баш тарткандай мен эмне, келесоо бекем?
(Элизабет Тейлор)
Мен интернетти өчүрүп салдым, ал жерде уят кинолор ушунчалык көп, анын баарын көрө берсең дегеле үйдөн чыкпайсың.
(Джек Николсон)
Мен дубал жөнүндө кино тартсам дейм. Дубалды карайсың да, көп нерселерди көрө баштайсың.
(Жан-Люк Годар)
Аялдар тасмасы: аялы бүт сеанс бою күйөөсүнүн көзүнө “чөп салып”, аягында кечирим сурайт.
(Оскар Левант)
Менин тасмам көрсөтүлүп жаткан учурда залда сегиз адам калган болсо, мен ошол сегиз адам үчүн иштейм.
(Андрей Тарковский)
Мени көз айнек тагынганым үчүн интеллектуал, тасмаларым киреше бербегени үчүн сүрөткер деп ойлошот. Бирок, бул эки көз караш тең туура эмес.
(Вудди Аллен)
Бир тасмаң начар чыгып калса, бул акыр заман болду дегенди туюндурбайт.
(Арджун Рампал)
Менин тасмаларымда мораль окуу жок. Мен моралист эмес, баяндамачымын.
(Квентин Тарантино)
Жаман сүрөт адамды мокочо кыла албаган сыяктуу, тасма деле китепти буза албайт.
(Кассандар Клэр)
Менин тасмам дапдаяр, аны тартыш эле калды.
(Рене Клер)
Музыкасы жок тасма майы жок самолет сыяктуу.
(Одри Хепбёрн)
Киного тартылганга караганда, атырды рекламалоо менин атагымды көбүрөөк чыгарды.
(Катрин Денёв)
Ар бир режиссердун бир гана жакшы тасмасы болот. Мага “Түрү сууктар жана адамдар жөнүндө” фильми жагат.
(Алексей Балабанов)
Түнгө жуук сен өткөргөн күн тасмага айланып калат.
(Энди Уорхол)
Дүйнөгө дагы бир начар тасма керекпи? Режиссерлер өзүнө ушундай суроону берүүлөрү керек.
(Алан Мур)
Тасма адамды ойлондурууга тийиш, бирок азыркы кинолордун көбү тамак жегиңди гана келтирет.
(Робин Райт)
Тасма көз карашты таңуулабай, адамды ойлондурууга тийиш.
(Киллиан Мёрфи)
Мен албетте, романтикмин, романтикалуу тасмаларды жакшы көрөм, бирок мени таттуу романтика менен “зордукташкандарын” каалабайм.
(Кира Найтли)
Тасмалар деле балаң сыяктуу, арасынан “момунусун өзгөчө жакшы көрөм” деп кантип бөлүп айтасың?
(Алла Ларионова)
Мен киномектепке барган эмесмин, киного баргам.
(Квентин Тарантино)
Мен сени сүйөм. Эгер ушул сөздөр болбосо, тасмалардын тең жарымы, китептердин үчтөн экиси дегеле болмок эмес.
(Сирил Массорото)
Кино туулганда дудук болуп төрөлгөн.
(Тристан Бернар)
Кино адамды өзүнүн кинодо отурганын унутканга мажбур кылышы керек.
(Роман Полански)
Мен кинодрама каармандын ыйлаганы деп ойлопмун. Көрсө, жаңылыпмын. Кинодрама – көрүүчүлөрдүн ыйлаганы экен.
(Фрэнк Капра)
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн