Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 16-июндагы жалпы жыйында тиешелүү органдар ЖК депутаттары эмне себептен кармалгандыгын түшүндүрүп бериши керектигин билдирди.
Анын айтымында, буга чейин депутаттарды мыйзамсыз кармоо боюнча протоколдук тапшырма берилген. «Тийиштүү органдар келип түшүндүрмө берсин. Алар канчалык мыйзамдуу айыпталып жаткандыгын айтып беришсин», - деди ал.
Эске салсак, 1-июнда Кумтөр иши боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (3)