Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тихановская Курманбек Бакиевдин Беларуста жүрүшү боюнча пикирин билдирди

09.06.2021 11:18
1621
Тихановская Курманбек Бакиевдин Беларуста жүрүшү боюнча пикирин билдирди


Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская "Азаттык" радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскте жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди.


«Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Азыр гана бул маселе беларустуктардын арасында талкуулана баштагандыр».


Светлана Тихановская 8-июнда "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн