Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тышкы иштер министринин орун басары Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы жыйынга катышты

18.11.2022 15:42
358
Тышкы иштер министринин орун басары  Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы жыйынга катышты

Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты.


Тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык кызматташуу, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.


Сооданын көлөмүн көбөйтүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү, Борбор Азияга инвестиция тартуу жана ВСП+ макамын натыйжалуу пайдалануу боюнча инструменттер каралды.


Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгиледи.


Кыргызстан Ооганстандагы туруксуздуктун жана дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө чыңалуунун шартында бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн