Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Башкы прокурору Берик Асыловдун сөзүнө жооп катары билдирүү таратты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ТИМ билдиргендей, Казакстандагы 2022-жылдын январь айындагы массалык башаламандыкка эч бир кыргыз жаранынын тиешеси болгон эмес. Тескерисинче эки жаран өздөрү каалабастан окуяга күбө катары кармалган. Казакстандын укук коргоо органдарынын иликтөөсүнө ылайык алардын эч кандай күнөөсү далилденген эмес.
Казакстандагы башаламандык учурунда кыргыз жарандарына зыян келбеши үчүн 600 жаран эвакуацияланган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов парламенттин жыйынында январь трагедиясына Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия жарандарынын да катыштыгы бар экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн