Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тогуз-Торо районунда 20 жаштагы бала мал уурдап кармалды

28.10.2022 18:56
831
Тогуз-Торо районунда 20 жаштагы бала мал уурдап кармалды

Тогуз-Торо районунда карыянын малын уурдоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Тогуз-Торо районунун 74 жаштагы Райымжан аттуу тургуну арыз менен милицияга кайрылып, 14-сентябрга караган түнү Каргалык айыл аймагынын Коён-Токой участкасынан эки баш уй, бир баш кунаажын жана эки баш торпогу уурдалганын билдирген.


Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иш-чаралар башталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун 20 жаштагы А. у. Н. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерге катыштыгы бар-жогун аныктоо максатында тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн