Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 19-январда Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы болгон Мажилисти таратты. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.
Маалым болгондой, Казакстандын Мажилисине (парламенттин төмөнкү палатасы) мөөнөтүнөн мурда шайлоо 19-мартта өтөт. Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Токаев 2023-жылдын биринчи жарымында Мажилиске жана Маслихаттарга кезексиз шайлоо өткөрүү ниети тууралуу былтыр күзүндө билдирүүсүндө айткан. Мындай чечим, анын айтымында, «конституциялык реформанын логикасы менен болгон».
Эми Мажилистин депутаттарынын 70%ы партиялык тизме менен, 30%ы бир мандаттуу округдардан шайланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн