Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

10.11.2022 09:15
289
Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

Москва райондук сотунун 9-ноябрдагы чечими менен төкмө акын Болот Назаров 9-декабрга чейин камалды. Чечимге ылайык ал №1 тергөө абагында болот.


Акындын адвокаты Автандил Бакытбек уулу райондук соттун чечимин облустук сотко даттанарын билдирди.


ИИМ тараткан маалыматка таянсак, Назаров бирөөнүн атын минип келүү үчүн сурап, андан ары атты минип кетип калган.


Ал эми журналист Болот Темиров ИИМдин маалымат жалаа деп, төкмө акынга тойдо ат мингизгенин бирок ал ат той берген адамдыкы эмес экенин айтып, Болот Назаров атты ээсине кайтарып бергенин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн