Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

21.04.2020 09:39
15444
Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

 

КР эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 22-апрелде саат 11:00дө өтөт. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мирлан Самыйкожо “Медиа центр” агенттигине билдирди.


Анын айтымында, маркумду сөөгү Туңгуч кичи районундагы үйүнө алынып келген. Учурдагы абалга байланыштуу аза күтүүгө эч ким чакырылган жок. “Бирок келем дегендер баары бир келип жатат, Элмирбек Иманалиевге болбой эле келишет экен. Ошентсе да эл аз эле, туугандары, кыйышпас достору чогулуп жатат. Телефон чалуулар, баралбай калдык деп көңүл айткандар абдан көп”, - деди ал.


Мирлан Самыйкожо билдиргендей, Элмирбек Иманалиев кыргыздын таланттуу, эл сүйгөн акыны катары көптөгөн наамдардын ээси, эл артисти болгондуктан анын сөөгү мамлекеттик маданий мекемелерден узатууга арзымак. Бирок учурдагы жалпы кырдаалга, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнө байланыштуу өз үйүнөн гана узатылат.

 

Самыйкожо кошумчалагандай, Иманалиев мурдатан кант диабети менен ооруп жүргөн, мезгил-мезгили менен ооруканага жатып дарыланып келген.


Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуусу күтүлүп жатат.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Жузумкан актанбаева
Жараткан омур берди жайкалта конул берди кудайым омур берди кулпунта конул берди эми жаткан жерин жай болсун кабыргабыз кайышты
Бегимай
Аллахым бейишинен орун берсин! Жаркылдаган жузунон нур тогулгон жакшы адам эле.
Джамангулова Айгуль.
Орду толгус чон жоготуу болду. Кыргыз элинин дагы бир канаты кайрылды.Кыргыз эли ак журок,чындык ты таамай айтып,так суйлогон,жакшы созу менен жакшылыкка ундогон булбулунан айрылды.Армандуу дуйно
Акыл Айтбаев
Кыргызга абдан чон жоготуу... Элмирбектин Кудай оз рахматына алып Жаннаттан жай берсин!
Захида
Туз эфир кылып койсонор болмок элдер жок дегенде телевизордон коруп коштошушмак