Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Токмок шаарында эки өспүрүм кызды зордуктаган 80 жаштагы карыя кармалды

Токмок шаарында эки өспүрүм кызды зордуктаган 80 жаштагы карыя кармалды

Бир тууган өспүрүмдөрдү зордуктап жүргөн 80 жаштагы карыя Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин милиция 2022-жылдын 19-декабрында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспектору Токмок шаарынын тургуну 2010-жылы туулган кыздын боюнда бар (8 айлык) фактысы аныкталганын билдирген.

Аталган факт ошол эле күнү райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Андан кийин 2022-жылдын 20-декабрында Токмок шаарынын тургуну Г.Р. арыз менен кайрылып, анда ал 12 жана 14 жаштагы кыздары менен өзүнүн үйүндө жыныстык катнашта болгон 1942-жылы туулган Д.В.га карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүп эже-сиңдилер 2022-жылдын жаз айынан бери 80 жаштагы карыя Д.В.га үйүн тазалоого жардам берип келишкен. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, тактап айтканда, соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык жана психиатриялык. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жаран Д.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошентип, 2022-жылдын 31-декабрында Токмок шаардык соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн