Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 19:41
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Токмокто каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Токмокто каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Токмок шаарында суудан 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-мартта Токмок шаарынын Зеленая менен З.Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.


Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, учурда анын өздүгү такталууда жана укук коргоо кызматкерлери тийиштүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн