24-март күнү Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде кичине кыздын темир керебетке кыпчылып калганы тууралуу куткаруучуларга маалымат беришкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Жантаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринде темир керебетке кыпчылып калган 2019 ж.т. М.М. аттуу кичинекей кызды аман-эсен куткарып калган.
Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, 3 жашар наристени ата-энесине тапшырып беришкен.
Медициналык жардамга муктаж болгон жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн