Токмок шаарындагы жеке аэродромдо окуу-машыгуу учагы кулап түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Ведомствонун маалыматына караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Иштин материалдарын транспорт прокуратурасы карап жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя боюнча эч кандай маалымат түшө электигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн