Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Т.К. аттуу жаран каза болуп, 4 адам жабыркаган.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн