Токтогул райондук маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан 2025-жылга Токтогул райондук маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине 11 миллион акча бөлүндү.
Бул каражатка жылытуу системасы орнотулду, электр жабдыктары жаңыланды жана маданият үйүндө толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, балдар музыкалык мектебине “Шамшыкал” редакциясынын имараты берилип, ал жакта дагы 1 миллион 700 миң акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн