Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогулда Mercedes Benz Sprinter менен жеңил унаа кагылышып, бир адам каза болду

Токтогулда Mercedes Benz Sprinter менен жеңил унаа кагылышып, бир адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында Honda CR-V жана Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.


Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган С.Р. аттуу эркек киши каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Абалдары учурда оор деп эсептелинет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн