Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Төлөнбай Нурбаев: Максатым – миграцияны жөнгө салуу

04.09.2020 14:11
2739
Төлөнбай  Нурбаев: Максатым – миграцияны жөнгө салуу


Көкүрөгүндө жалы бар, элим деп ак кызмат кылган, ийгилик изинде жүргөн  уулдарыбыздан уучубуз кур эмес. Алардын бири меценат, коомдук ишмер, өндүрүшчү  Төлөнбай Нурбаев. 


Атамдын баскан жолу  үлгү болду


- Кара-Суу районунда төрөлүп, өстүм. Ата-энем экөө тең мээнеткеч жандар болуп, адал эмгеги менен тарбиялап, чоңойтту.  Атам  Нурбаев Камалдин ажы Союз учурунда автобус айдоочу. Жумушка жөнөгөндө унаасын ээрчип,  жылаңаяк чаң кечип артынан чуркап, узатып калчубуз. Жумуштан кайтаар жолун карап, кайра күтчүбүз.  Кийинчерээк  топбазада жөнөкөй жумушчулуктан баштап, директорлукка чейин жетти. Өмүрүнүн аягына чейин кийин өндүрүш менен алектенди. Ата деген арка бел, жашоодо түркүк болот турбайбы. Баскан жолу менен мага үлгү болду. Апам раматылык,  бизди жашоодо тазалыкка үндөгөн  жан эле. Ар дайым: адал эмгектин баркын, жашоодо адамгерчиликтин түбөлүктүүлүгүн кулакка куйчу. Апам жөнүндө айтсам калем кургап калат, дептер түгөнөт. Апам Куран  менен оозанган,  оозунан Истигфар түшпөгөн Кудайдын жердеги периштеси эле.  Апамдай сулуу, жумшак, алпейим  аял жашоодо чанда жолукса керек!



Максатым: ички жана сырткы миграция маселелерин чечүү


- Эркек кишини көчө тарбиялайт дегендей, миграцияда сыртта көп жүрдүм. Ысык, суукка кагылдым, согулдум дегендей. Турмуштун ачуу, таттуусун талаада жүргөндө көп эле таттым.  Ички жана сырткы миграция маселелерин  мекенден алыс жүргөндөн жан-дүйнөмдөн өткөрдүм. Элибизде жумушсуздук жоюлганын,  миграция токтогонун,  саясий экономикалык туруктуулугун көргүм келет. Мамлекетимдин  өнүгүшү тууралуу тээ студент кезден бери ойлоп жүрөм. Пландарым көп.  Ал ойлордун бир чети ишке ашкан. Эки завод,  бир фабрика салып, колдон келишинче жумуш орун түзө алдым. Бирок, бул иштер мен үчүн өтө аз. Кудай буйруса, ички мигранттардан пайдаланып, сырткы мигранттарыбызга өтө чоң жардам болчу өтө чоң пландарым бар, аны убагы келгенде кененирээк түшүндүрүп беремин!



Мурда да депутаттыкка талапкерликке койгомун. Ал кезде акыбал өтө оор болчу, ага карабастан, биз максатка жеттик. Бирок, тилекке каршы мен орун бошоткон кишилер биздин, элдин ишеничин актаган жок. Эми мына дагы Кудайга шүгүр жараткан дагы мүмкүнчүлүк берип жатат. Буюрса, депутат болуп калсам, биринчи эле кадамым бул ички миграцияны жөнгө салуу болот, жана сыртта жүргөн мигранттарыбызга жумуш орун түзүү. Мага мандат эмес, Кыргызстандын келечеги керек. 


2012-жылы  Жаштар миграция эмгек менен камсыз кылуу министрлигинде түштүк региондор боюнча министрдин орун басары болуп эмгектенип жүрүп да, бул тармактагы чече турган актуалдуу маселелерди тереңден түшүнгөн жагдайым бар. 




Пайгамбарыбыз көрсөткөн жолдо жүрөм


 - Ийгилик сырларым жөнөкөй эле. Алар: пайгамбарыбыз көрсөткөн жолдо жүрүүдө, атам менен апамын ыразычылыгында, чынчылдыкта, сатпагандыгымда, эки жакка тайтайбай бир жактуу болуумда, принципте акырына чейин турганымда, тээ мектепте окуп жүргөн кезден бери эле командада жүрүп, команданын принцибин бийик карманганымда болсо керек.  Пайгамбарыбыз С.А.В.С. айткандай, адамды үч нерседе билсе болот. Алар: сапарга чыкканда, кошуна жашаганда, аласа, бересе мамиле жасаганда билесиң дегендей, үй-бүлөөдө, саясатта, көчөдө, кошуна, достор менен, тууган урук менен дайыма Пайгамбарыбыз буйругандай жашоого аракет кыламын. Себеби, биздин үй-бүлөөдө баардыгы Ыйман жолунда жүргөн инсандар.




Жашоодогу девизим: алга, артка жол жок!


- Жашоодо көптөгөн жакшы,  жаман адамдар менен жолуктурган Аллага шүгүр айтамын. Эгер ошолор болбосо, мен туура жолду көрмөк эмесмин.  Кыргызстандын биримдиги үчүн Биримдикти тандадым. Себеби, таза ыймандуу команда менен гана,  Кыргызстандын келечегин оңдой алганга менин көзүм жетти. Элдин кызыкчылыгын команданын кызыкчылыгынан  жогору койгондорун көрүп, ойлонуп,  Аллах менен кеңешип, көңүлүмө ушул Биримдик менен баруу туура келди. 


Жаңылануу, жаңы доор – БИРИМДИК менен!


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн