Бүгүн, 15-сентябрда Тоң районунда тамекинин айынан үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Тоң районунун борбору – Бөкөнбаев айылынын Кожобеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Тоң райондук №38 өрт куткаруучу бөлүктөн 1 эсептик бөлүм ыкчам тобу менен тартылган. Ыкчам топтун аракети менен түнкү саат 00:56да өрт чектелип, саат 01:06да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби, ичкилик ичкен адамдар үй ичине тамекисин өчүрбөй таштап кетишкен. Анын кесепетинен жаздык, төшөктөрү өрттөнгөн. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн