Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат (графиги)

14.07.2022 17:36
440
Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат (графиги)


Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель үч күн маал-маалы менен жабылып турат, - деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Маалыматка ылайык, электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тоннель 15-16-17-июль күндөрү убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Саат 04:00дөн 06:00гө чейин, саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:0 гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда тоннелдин ичинде унаа өрттөнүп, электр жарыгы жана вентиляция системасы жабыркаган. Тоннелдин дагы 500 метрдей аралыгын калыбына келтирүү керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн