Төө-Ашуу ашуусундагы Көлбаев тоннели оңдоо иштерине байланыштуу он саатка жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, тоннелге асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө пландалып, ага байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.
Так жабылуу убактысы кийинчерээк жарыяланат.
Маалым болгондой, тоннелде электр чубалгылары толугу менен алмаштырылып, прожекторлор орнотулуп, актоо, сырдоо жана бетон плиталарын алмаштыруу иштери аяктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн