Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 06:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат (график)

12.07.2023 11:08
428
Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат (график)


Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннель 12-июлдан 18-июлга чейин маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат. Мындай чара туннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Туннелдин жабыдуу убактысы:
-05:00дөн 08:00гө чейин;
-10:00дөн 12:00гө чейин;
-14:00дөн 16:00гө чейин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат. 

Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн