Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 03:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери башталды

26.07.2023 14:01
476
Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери башталды


Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туннелдин 2 миң 510 метрди түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталат.

Белгилей кетсек, туннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылып турат.

Иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек - Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн