Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тоолуу Карабакка Россиянын тынчтык күчтөрү кирди

10.11.2020 09:08
935
Тоолуу Карабакка Россиянын тынчтык күчтөрү кирди


Россиянын тынчтык күчтөрү Армения менен Азербайжан талашып жаткан Тоолуу Карабакка кирди. Мындай чечим үч мамлекеттин (Россия, Армения, Азербайжан) жетекчилиринин тынчтык боюнча келишимге келгенинен кийин кабыл алынды. Учурда орус аскер күчтөрү аймакка жеткирилген. Россиялык “Интерфакс” агенттиги маалымдагандай, ал жерде 1690 жоокер, 90 ок өтпөс унаа, 380 даана ар кандай багыттагы аскер-техникалары болот.


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мындай чечимге аргасыз барганын Фейсбук аркылуу жолдогон кайрылуусунда айтты. “Армиябыздын күч-кубатын, абалын терең анализдегенден кийин ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болдук. Бул мен жана менин элим үчүн өтө кайгылуу чечим”, - дейт ал.


Айрым чет элдик маалымат каражаттары Армения 1-декабрга чейин Тоолуу Карабакты толугу менен Азербайжанга өткөрүп бере турганын кабарлоодо. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн