Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Төрт банк чек арадан жабыркагандардын насыясын кечти

21.05.2021 14:22
1723
Төрт банк чек арадан жабыркагандардын  насыясын кечти

Төрт банк кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларынын насыясын кечти. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүк билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган аймакта жашаган жарандарга “Компаньон” банкы 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.


Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25 миң сом материалдык жардам берилди.


Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган.


Натыйжада “Мөл-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алды.


“РСК” Банкы Баткен облусуна 2 млн 284 миң сом каражат которсо, Бай-Түшүм” Банкы куралдуу жаңжалда жабыркаган 9 жарандын насыясын жойду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн