Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 04:33
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Токтогулда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды

04.10.2024 14:06
47
Токтогулда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды


Токтогул районунда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары Э.у.Э., Э.у.У. жана А.у.А. жүргөн авто унаа кармалган.

Тинтүү учурунда унаанын ичинен жалпы салмагы 573 грамм "гашиш" баңги заты салынган желим баштык, ошондой эле баңгизаттарды даярдоо жана кайра иштетүү үчүн буюмдар табылган.

Аталган факт боюнча "Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдар камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн