Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Транспорт министрлиги бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди

15.02.2023 10:12
285
Транспорт министрлиги бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин аткарылышы боюнчамаалымат берилди.


"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетинин мамлекеттик капиталдык салымдарды кошкондо 13 млрд 155 млн. 800 миң сомго  бекитилген. 2022-жылга карата такталган бюджет 22 млрд 110 млн. сомду түздү же бекитилген бюджетке салыштырмалуу 8 млрд 954 млн. 2 миң сомго же 168,1% га көбөйдү.


Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондусунан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 97,7 млн. сом жана “Куршаб – Жалпакташ” автожолунун курулушуна 30,0 млн. сом жалпы 127,7 млн. сомжана капиталдык салымдардын эсебинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн 483,3 млн. сом бөлүнүп берилди.


Жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылга жалпы такталган бюджети 22 млрд 721 млн 500 миң сомду түздү.


Такталган бюджеттин негизги үлүшү өнүктүрүү бюджетине (инвестициялык долбоорлорго)– 13 млрд 643 млн. 200 миң сом же жалпы бюджеттин 60 % туура келет, анын 13 млрд 250 млн. 300 миң сому өздөштүрүлдү, аткаруу 97,1 %-ды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу (89,4%) 7,7% га жогору.

2022-жылга автомобиль жолдорун оңдоого жана камсыздоого республикалык бюджеттин эсебинен 2 млрд 064 млн сом каралган. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 15-январындагы кеңешмесинин № 18-39 протоколунун негизинде 20 000 тоннадан кем эмес битумду сатып алууга бюджеттен кошумча 841,0 млн сом бөлүндү. Ченемден ашык запастар үчүн алынган сумманы эске алуу менен (34,2) такталган бюджеттин жыйынтыгы 2 млрд 853 млн 200 миң сомду түздү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча учурдагы бюджет боюнча жалпы каржылоо 2022-жылга каралган каражаттардын 2 млрд 844 млн 892 миң сомду (99,6%) түздү.


2022-жылга «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча такталган План 5 млрд 268 млн сомду түзөт. 2022-жылга жалпы 5 млрд 231 млн. 600 миң сом (97,8%) каржыланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн