Түркмөнстандын президент Гурбангулы
Бердымухаммедовдун жарлыгында айтылгандай Илимдер академиясын каржылоо үч
жылдын ичинде акырындап токтотулат. Ага кеткен каражат экономикага, анын ичинде
энергетика тармагына жумшалмай болду.
Ошону менен 26 илим-изилдөө институту мамлекеттик каржылоодон ажырайт. Түркмөнстандын Илимдер академиясына жогорку аттестациялык комиссия, 17 жогорку окуу жайы, эки медициналык изилдөө борбору, бир китепкана жана эки басмакана кирет.
Түрмөнстандын Илимдер академиясы 1951-жылы түзүлгөн. Буга чейин С.Ниязовдун жарлыгы менен бир жолу жоюлган. 2009-жылы Г.Бердымухаммедов кайра толук калыбына келтирген. Эми болсо жоюп атат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн