Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түндө Баткенде сел жүрүп, трассаны жаап калган

03.04.2023 10:13
442
Түндө Баткенде сел жүрүп, трассаны жаап калган

Түндө Баткен облусунун аймагында жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 


Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 265,5-чакырымында Эки-Таш тилкесинде жаандан улам сел суулары келип, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик жүктөгүч (погрузчик) тартылды. Учурда аталган тилкеде жол бир тараптуу ачык. 


Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай автожолунун 0-7 чакырым аралыгына келген селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч (погрузчик) жана 1 автогрейдер техникасы тартылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн