Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түндө Бишкек-Ош жолуна түшкөн көчкү тазаланып, жол ачылды

Түндө Бишкек-Ош жолуна түшкөн көчкү тазаланып, жол ачылды

Төө-Ашууга түшкөн кар толугу менен тазаланып каттам ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Бишкек — Ош унаа жолунун 134-135-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында болжол менен 4000м³ кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.


Жерине Жайыл райондук ӨК бөлүмүнүнөн ыкчам топ ӨКМдин Бишкек — Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КДМБдан 3 куткаруучу тартылган.


Тазалоо иштерин жүргүзүүгө №9 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн