Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Түндө Бишкекте 51 жаштагы энени, мектепте окуган кызды жана наристени өлтүргөн жаран кармалды

Түндө Бишкекте 51 жаштагы энени, мектепте окуган кызды жана наристени өлтүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарындагы оор кылмышты жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган.


Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган.  


Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. 


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.  


Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө.    

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Махмудов Агбар
Атыш керек андайларды.
Нуркалык
Эгерде баарын ошо кылса Андай канкорду атыш керек. Ким кепилдик берет, эртең түрмөдөн чыкса эмне болооруна.Дагы канча кишинин жанын алат.