Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Түндө кыргыз-тажик тараптын жолугушуусу болуп өттү. Кандай макулдашуу болду?

17.09.2022 08:00
855
Түндө кыргыз-тажик тараптын жолугушуусу болуп өттү. Кандай макулдашуу болду?

2022-жылдын 17-сентябрында саат 03.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай чыңалуу бойдон калууда, - деп билдирет КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы.


Саат 00:10дон 00:40ка чейин "Гулистон-автожол" КӨЖда (ТР) Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору генерал-майор У. Шаршеевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Р. Рахмоналинин жолугушуусу өттү.


Бул жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.


Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишишкен:


- түн ичинде жана 2022-жылдын 17-сентябрында саат 09.00го чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;


- бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин "Гулистон-автожол" КӨЖда улантат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн