Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:22
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Түндүк — Түштүк жолун текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын тизмеси

03.06.2021 18:15
1182
Түндүк — Түштүк жолун текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын тизмеси

Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна байланыштуу иштерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.


Аталган комиссияны түзүү боюнча "Ата Мекен" фракциясы демилге көтөрүп, бүгүн, 3-июнда, парламенттин кароосуна алып чыкты. Натыйжада 91 депутат "макул", бешөө "каршы" деген добуштарын берди.


Комиссиянын курамына 12 депутат кирди:


КСДП фракциясы — Саматбек Ибраев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика-Ата-Журт" — Марлен Маматалиев, Акыл Кемелов;

"Кыргызстан" — Султанбек Анарбаев, Улугбек Садиков;

"Өнүгүү-Прогресс" — Уланбек Исмаилов, Мейкинбек Абдалиев;

"Бир бол" — Аманкул Токтомамбетов, Нурбек Мурашев;

"Ата Мекен" — Бурул Аманова, Шералы Абдылдаев.

Узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Анын болжолдуу баасы 850 миллион доллар деп бааланган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бекжан
Ушул жол кайсы жерге келип калды? Алынган 850 миллион доллар --биз карыз болгон 4.5 миллиард долларга киреби?