Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 18:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Түнкү рейд учурунда жашы жетелек 12 өспүрүм кармалды (фото)

13.03.2020 17:27
973
Түнкү рейд учурунда жашы жетелек 12 өспүрүм кармалды (фото)


Компютердик клубдарга болгон түнкү рейд учурунда 12 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Шаар мэриясынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Ленин райондук акимиаты, милиция кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана билим берүү мекемесинин кызматкерлери 22 компютердик клубдарды кыдырган. Жыйынтыгында жашы жетелек 12 өспүрүм оюн залында ойноп отурган жеринен табылган.


12 баланын алтоосун ата-энелерине өткөзүп берип, калган 6 өспүрүм ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна абалды тактоого чейин жеткирилген.


Ошондой эле, компьютердик клубдардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 22:00дөн кийин жашы жете электерди киргизбөө керек экендигин түшүндүрүлгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн