Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Түптө таксистти муунтуп өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды

01.09.2021 16:33
524
Түптө таксистти муунтуп өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды

Түптө таксистти муунтуп өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, Түп РИИБине Каракол шаарынын 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эки белгисиз адам күч колдонуу менен унаасын тартып алууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген. "Жабырлануучунун айтымында, ал өзүнүн жеӊил унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. Күндөрдүн биринде кечке маал Каракол шаарынан болжол менен 20-25 курактагы эки белгисиз жигит анын унаасына отуруп, Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан дачага жеткирүүнү суранышкан. Түп районунун Михайловка айылына жетип калганда, арткы отургучта отурган балдардын бири айдоочунун моюнуна жипти сала коюп муунтуп киргенде, экинчиси кабыргасы жана бөйрөк тушка колу менен ургулай баштаган. Айдоочу күч менен муунтуп жаткан жиптен бошонуп, унаасын токтоткондо балдар сыртка качып чыгып, из жашырып кетишкен", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.


Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-беренеси "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


"Аталган кылмыштын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында тийиштүү тергөө ыкчам иштери колго алынып, эки сааттын аралыгында кылмышка шектүү болгон 2 жаран Бишкек шаарына жол тосуп качып бара жаткан жеринен кармалышкан. Алар Бишкек шаарынын 20 жаштагы М.А. аттуу жана жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы А.У. аттуу тургундары болуп чыгышкан. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта шектүү катары милицияга алып келингендер күнөөлөрүн моюндарына алышкан", - деп кошумчалашты милициядан. Кармалган жарандар Түп райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн