Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Турак жай конуштарынын аймагына көп кабаттуу үй курууга уруксат берген документтер кайтарып алынууда

07.09.2023 14:09
565
Турак жай конуштарынын аймагына көп кабаттуу үй курууга уруксат берген документтер кайтарып алынууда


Турак жай конуштарынын аймагында (жеке үйлөрдүн жанында) көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев "Киргизия-1" конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтты.


Муниципалитеттин өкүлдөрү тургундар менен жеке үйлөрдүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси боюнча жолугушкан. Ага Орунтаевден тышкары Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Адис Саяков катышты.


"Тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы чыгышты. Өз кезегинде мэрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө турак жай конуштарынын аймагында (жеке үйлөрдүн жанында) көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, шаар куруу кеңешинин чечими менен турак жай конуштарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн