Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ТүркПАнын 11-пленардык сессиясы Кыргызстанда өтөт

14.01.2022 16:15
949
ТүркПАнын 11-пленардык сессиясы Кыргызстанда өтөт

2022-жылдын 14-январында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сурея Эр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуунун жүрүшүндө ТүркПАнын алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттик өңүттө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө болгон өз ара ниеттери айтылды.


Р.Казакбаев ТүркПАнын башкы катчысы М.Эрди кызматына шайланышы менен куттуктап, Парламенттик Ассамблея 2008-жылы түзүлгөндөн бери түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик дипломатиясынын институту катары жогорку натыйжаларга жетишкенин белгиледи.


ТүркПАнын башкы катчысы М.Эр ТүркПАнын учурдагы эл аралык ишмердүүлүгү жана 2022-жылга пландаштырылган иш-чаралары, анын ичинде 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өтүүчү ТүркПАнын 11-пленардык сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.


Тышкы иштер министрлигинин башчысы коронавирустун пандемиясынан улам келип чыккан эл аралык кырдаалдын жаңы шарттарында, түрдүү чакырыктар жана коопсуздук коркунучтары менен түрк мамлекеттери түрк кызматташтыгынын болгон толук потенциалын ачуу боюнча максаттуу иштерди улантуусу керектигин билдирип, бир тууган Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын парламенттеринин толук кандуу кошулуусу аркылуу ТүркПАны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн