Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Түркия президентинин администрациясы кыргыз-түрк достугун чыңдоодо "Манас" университети зор роль ойнорун белгиледи

29.12.2022 09:43
613
Түркия президентинин администрациясы кыргыз-түрк достугун чыңдоодо "Манас" университети зор роль ойнорун белгиледи

28-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын президентинин администрациясынын коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор, доктор Фахреттин Алтун менен жолугушту.


КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.


Өз кезегинде, министр Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир тууган элдердин жалпы тарыхына, маданиятына жана тилине негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн оң нугунда өнүгүп жатканын белгиледи.


Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз-Түрк "Манас" университети кыргыз-түрк достугун чыңдоо механизми катары кызмат кылган жана Кыргызстандын, Түркиянын жана башка чет мамлекеттердин студенттерине сапаттуу жогорку билим берген мыкты окуу жайлардын бири экенин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн