Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түркияда 140 кыргызстандык куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө

15.02.2023 14:59
247
Түркияда 140 кыргызстандык куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө

Кыргызстандын 140тан ашык куткаруучусу Түркиядагы зилзаланын кесепетинен эң көп жабыркаган жана жер титирөөнүн очогу катары бааланган Кахаранмараш шаарынын 3 районунун бир катар тилкелеринде иш алып барууга киришти.


ӨКМден билдиришкендей, учурда жалпы 140тан ашуун куткаруучу, 3 кызматтык ит, фельдшерлер жеринде иш алып барууда.


Белгиленгендей, куткаруучулар аймактардагы эң кооптуу тилкелерде издөө-куткаруу ишин 24 саат бою кезектешип аткарууда. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы.


Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Учурда табият кырсыгынан каза болгондордун саны 35 миң 418ге жетип, жабырлануучулардын саны 100 миңден ашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн