Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Түркияда 5-кабаттан кулап түшкөн кыргыз жараны каза болду

15.10.2021 18:46
1182
Түркияда 5-кабаттан кулап түшкөн кыргыз жараны каза болду


 Түркиянын Анталия шаарында 18 жаштагы кыргызстандык бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кечээ, 14-октябрда 2003-жылы туулган А.Т. аттуу Кыргызстандын жараны Анталия шаарындагы убактылуу жашап жаткан үйүнүн 5-кабатынан кулап түшкөн.


“Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Операцияга карабай 18 жаштагы жигит 15-октябрда саат 07:00дө көз жумду”, - деп айтылат билдирүүдө.


Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тарабынан каза болгон жигиттин туугандары менен ар тараптуу иштер аткарылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн