Түркияда 6-февралда болгон катуу зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 48 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Маалым болгондой, жабыркагандардын саны болсо 115 миңден ашкан.
"Келечекте мындай окуяларды кайрадан башыбыздан өткөрбөш үчүн керектүү кадамдарды жасап жатабыз.
Мамлекеттик жана жеке тараптар берген ар бир тыйын бир гана зилзаланын кесепеттерин жоюуга гана иштетилет. Мындан эч ким кам санабасын",- деди президент Эрдоган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн