Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 22:16
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Түркиядан Ташкентке учууну каалагандар тез арада Газиантеп аэропортуна баруусу сунушталат

09.02.2023 09:43
394
Түркиядан Ташкентке учууну каалагандар тез арада Газиантеп аэропортуна баруусу сунушталат

Түркиядан Ташкентке учууну каалаган кыргызстандыктарга Газиантеп аэропортуна тез арада келүү сунушталат.


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдиргендей, Түркиянын жабыркаган аймактарынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 9-февралында эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.


“Буга байланыштуу Өзбекстандын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз”, - деп белгиледи элчи.


Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн