Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Түркмөнстанга жаңы дайындалган элчи Бердымухамедовго ишеним грамотасын тапшырды

12.01.2023 10:51
250
Түркмөнстанга жаңы дайындалган элчи Бердымухамедовго ишеним грамотасын тапшырды



Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу кызматташууга кошумча түрткү жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эң жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн