Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун чечен улутундагы жарандардан 100 миң доллар акча алган деген сөздөр жүрөт. Бул боюнча өзүңүз эмне дейсиз деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.
"Эл аралык мыйзамдарга ылайык абактагы адам айыкпас дартка чалдыкса бошотулушу керек. Ал эми акча алды деген сөз калп",- деди Акун.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн