Түштүк Калифорнияда дагы эки токой өртү тутанды. Бул тууралуу Axios америкалык порталы маалымдады.
“Түштүк Калифорниядагы аба ырайы жаңы өрттөрдүн тутануусуна жана эвакуация иштерин жүргүзүүгө себеп болууда”, - деп жазды интернет-портал.
Ал арада АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматынын климатты божомолдоо борбору келерки аптада Калифорнияда олуттуу өрттөр башталарын эскертти.
Буга чейин Лос-Анджелестеги токой өртү алдын ала эсептөөлөр боюнча 250-275 млрд долларлык зыян келтиргени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн