Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

UFC уюмунда эң көп гонорар алган мушкер айтылды

23.04.2020 14:30
905
UFC уюмунда эң көп гонорар алган мушкер айтылды


Ultimate Fighting Championship уюмунда эң көп гонорар алган мушкер ким экени аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жеңил салмактын мурдагы чемпиону Конор МакГрекгор эң көп акча алган мушкерлердин сап башында. Бул эсептөөлөр демөөрчүлөрдөн жана жеке бизнес кошулбаган жалаң гонорар экени айтылды.


Конор UFC уюмунда 2013-жылдан бери беттеш өткөрүп келет. Ал 2019-жылы 45 миллион доллар тапкан. Учурда мушкерге Beats от Dre, Monster Energy, Bud Light, Reebok, Rolls Royce, Nike жана башкалар демөрөрчүлүк кылып келери айтылат. Ирландиялык спортчу эң көп гонарарды 2017-жылы Флойд Мэйвезер менен болгон беттеште алган, ал беттеште 75 миллион евро тапкан.

 

Ал эми каражат көп тапкандардын тизмесине көбүнчө эркек мушкерлер кирген. Кыздардан Ронда Роузи 23-катарга жайгашып, анын кирешеси 4,2 миллион долларды түзгөн.


UFCнин эң көп акча алган 10 мушкеринин тизмеси:


1. Конор МакГрегор - 12 022 000 доллар.

2. Алистер Оверим - 8 704 500 доллар. 

3. Хабиб Нурмагомедов - 8 680 200 доллар.

4. Андерсон Сильва - 8 112 000 доллар.

5. Майкл Биспинг - 7 135 000 доллар.

6. Жорж Сен-Пьер - 7 037 000 доллар.

7. Джон Джонс - 6 485 000 доллар.

8. Марк Хант - 6 304 000 доллар.

9. Дональд Серроне - 5 935 200 доллар.

10. Даниэль Кормье - 5 726 000 доллар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн