Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери кармалды

20.07.2023 11:40
251
УКМК: Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери кармалды


УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди. А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларда, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн