Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК Дастан Бекешев мектеп окуучуларын үгүт иштерине тартканын билдирди

16.11.2021 15:41
738
УКМК Дастан Бекешев мектеп окуучуларын үгүт иштерине тартканын билдирди


УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тарабынан КР Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган.


Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.


2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Д.Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн КР УКМК органдарына келген.


Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Cотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет.


КР УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат.


Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 620585 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн