Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз болууда

01.12.2022 10:55
379
УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз болууда

УКМК тарабынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жанар Акаевде депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары качан табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды.


Мындан тышкары, Акаев жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Жамгырчиевден алган.


Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.


УКМК аталган аудио-видео жазуу жабдуулардын табылышы жана аны ким эмне себептен орнотконун аныктоого, Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн