Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК: Элиталык интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган жаран кармалды

13.02.2024 16:12
196
УКМК: Элиталык интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган жаран кармалды


Элиталык интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган жаран кармалды, деп билдирди УКМК.


Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана пластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыш белгилери боюнча колунда бар жана жогорку кызматтарды ээлеген адамдарга интимдик кызмат корсеткен топ аныкталып, анын уюштуручуусу - Кыргызстандын жараны И.К.Д кармалды.


«И.К.Д. 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздардан, ошондой эле Instagram жана TikТок социалдык тармактарында популярдуу адамдардан жана блогерлерден турган тайпаларды уюштурган. Интимдик кызматтын баасы 1000 доллардан 10 000 долларга чейин бааланып турган.


Ошондой эле И.К.Д. интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды Дубай жана коңшу республикаларга жөнөтүп келген. 


И.К.Д. соттун чечими менен Ne21 тергөө абагына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн