Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

УКМК: К.Асановдун аялына карата тергөө иш-аракеттери ден соолугуна байланыштуу жүргүзүлгөн эмес

13.01.2021 19:16
618
УКМК: К.Асановдун аялына карата тергөө иш-аракеттери ден соолугуна байланыштуу жүргүзүлгөн эмес


2021-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бир нече жолку чакырууларынын натыйжасында сотко чейинки өндүрүштө тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кулнара Үсөнканова келген. Бирок, териштирүү баштала электе Үсөнканова өзүн жаман сезип баштагандыктан, УКМКнын аскердик медициналык кызматынан дарыгерлер чакыртылган. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы маалымдады.


"УКМКнын аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери Үсөнкановага "Юрфа" диагностикалык борборунан текшерүүдөн өтүшүн сунушташкан жана дарыгерлердин коштоосунда "Юрфага" жеткирилген. "Юрфадан" стационардык дарыланууну сунушташып, натыйжада Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, буга чейин Курсан Асановдун штабы аялынын сурак учурунда эстен танганы тууралуу билдирүү тараткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн